КР МТК расмий порталы
RU | KY

Окуу-адисттик таможня

КР Мамлекеттик таможня кызматы

Жаңылыктар

Адистештирилген окуутуу бажысында коопсуздук маданияты боюнча окуу курсу өткөрүлдү

Адистештирилген окутуу бажысында АКШнын Энергетика министрлигинин Тынч океандын түндүк-батышындагы Улуттук лабораториясынын Улуттук коопсуздук башкармалыгынын көмөктөшүүсүндө Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан «Коопсуздук маданияты» темасында окуу курсу өткөрүлдү. Окууга Кыргыз Республикасынын радиологиялык коопсуздук чөйрөсүнө тартылган мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты. Курстун жүрүшүндө катышуучулар радиологиялык коопсуздукту камсыз кылууда адам факторунун жана уюштуруу маданиятынын таасирин, ошондой эле тескөө жана коопсуздук маданиятын өз алдынча баалоо ыкмаларын карап чыгышты. Окутууну радиологиялык коопсуздук жаатында көп жылдык тажрыйбага ээ АКШнын улуттук лабораторияларынын эл аралык эксперттери өткөрүштү. Курстун жыйынтыгында катышуучуларга эл аралык үлгүдөгү сертификаттар тапшырылды.

Булак: customs.gov.kg

Адистештирилген окууту бажысында Ачык эшиктер күнү өткөрүлдү

2026-жылдын 17-сентябрында Адистештирилген окутуу бажысында Мамлекеттик бажы кызматынын 35 жылдыгына арналган «Ачык эшиктер күнү» өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында Ленин айылындагы В.И. Ленин атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин жогорку класстарынын окуучулары бажы органдарынын ишмердүүлүгү, негизги милдеттери жана мамлекеттин экономикалык коопсуздугун камсыз кылууда ролу менен таанышышты. Окуучуларга бажы кызматынын ишмердүүлүгү тууралуу презентация жана видеоматериалдар көрсөтүлдү. Ошондой эле, өспүрүмдөр жүктү текшерүүдө жана тыюу салынган буюмдарды аныктоодо колдонулуучу рентген-телевизиондук жабдуунун (интроскоптун) иштөө тартиби, кызматтык макеттер жана кинологиялык кызматтын өзгөчөлүктөрү менен таанышышты. Иш-чарага музыкалык мектептин окуучуларынын музыкалык чыгармаларды аткаруусу өзгөчө маанай тартуулады. Жолугушуунун соңунда окуучулар бажы кызматынын кызматкерлерине кызыктырган суроолорун берип, бажы органдарындагы кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу кошумча маалымат алышты. Мындай Ачык эшиктер күндөрүн өткөрүү жаштарга кесиптик багыт берүүдө, ошондой эле окуучулардын мамлекеттик кызмат жана бажы органдарынын ишмердүүлүгү тууралуу түшүнүгүн кеңейтүүдө маанилүү роль ойнойт.

Булак: customs.gov.kg

МБКнын кинологу КМШнын бажы кызматтарынын мелдешинде байгелүү орундарды ээледи

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын Адистештирилген окутуу бажысынын Кинологиялык даярдоо бөлүмүнүн улук инспектору Наталья Гладкова «Фрея» аттуу кызматтык ити менен КМШга мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын кинологиялык бөлүмдөрүнүн арасында өткөн көп түрдүүлүк боюнча XIV мелдеште үч байгелүү орунду ээледи. Мелдештер 2026-жылдын 24–28-август күндөрү Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) өтүп, ага Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын жана Беларусиянын бажы кызматтарынын өкүлдөрү катышты. Мелдештин жыйынтыгында Наталья Гладкова «Жүктөн баңгизат каражаттарын издөө» номинациясында 2-орунга, «Жеңил автотранспорттон баңгизат каражаттарын издөө» номинациясында 3-орунга, ошондой эле жалпы жеке эсепте 2-орунга ээ болду. Иш-чаранын алкагында «Бажы органдарынын ишмердигинде кызматтык иттерди колдонуу» темасында семинар өтүп, анда катышуучулар кесиптик тажрыйбалары жана кызматтык иттерди даярдоонун заманбап ыкмалары менен бөлүшүштү.

Булак: customs.gov.kg